Иранда дагы 3 адам өлүм жазасына тартылды

11 январь 2023 09:22 616 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Иран бийлиги төрт айдан бери өлкөнү каптаган нааразылык акциялары маалында коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрүн өлтүргөн деген айып менен дагы үч кишини өлүм жазасына тратты. Бул тууралуу Deutsche Welle телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Ирандын соту дагы үч кишини ноябрь айында коопсуздук күчтөрүнүн үч кызматкерин өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапкан. 

«Алар өлкөнүн ислам шариятына ылайык Кудайга каршы согушуп, өлкөнүн коопсуздугун бузуу максатында кылмыштуу топтун мүчөсү болгон деп айыпталган», — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле айып менен дагы эки адам, анын ичинде профессионал футболчу Амир Наср-Азадани да түрмөгө кесилген. 16 жылга кесилген Наср-Азаданинин иши эл аралык резонанс жаратып, футболчулар союзу FIFPRO анын сотунун айланасында чуу жараткан. Айрыкча, ал өлүм жазасына тартылат деген кооптонуулар күч алган.  

Ал эми, ушундай айып боюнча алтынчы соттолуучу акталды.  

Эскерте кетсек, 22 жаштагы Жина Махса Амини полициянын абагында каза болгондон кийин былтыр сентябрда башталган улуттук нааразылык акцияларынан бери Ислам Республикасы 17 кишини өлүм жазасына кескен.     
 
 
 
 

Алардын төртөө буга чейин өлүм жазасына тартылган, анын ичинде экөө өткөн дем алыш күндөрү дарга асылды.     Евробиримдик буга чейин нааразылык акцияларын басууга жооп иретинде Иран режимине каршы санкцияларды киргизген.      
 
 
 
 
 

Өлүм өкүмдөрү жана өлүм жазасына тартуу эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Германиянын өкмөтүнүн      сынына кабылды.      

Эске салсак, 8-январда Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциясынын эки катышуучусу өлүм жазасына тартылган.        
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/iranda-dagy-3-adam-dm-eazasyna-tartyldy



Добавить комментарий