Бишкекте митингчилер чогулууда. Ала-Тоо аянтына биотуалеттер коюлду

2 марта 2020 11:52 635 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жакка Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула баштады. Тынчтык митинги саат 13:00дө башталат.

Учурда колдоруна желек кармаган кишилер чогулуп жатат. Аны менен катар катуу үч чыгаруучу жабдуулар орнотулууда. Ошондой эле борбордук аянттын бир жагына биотуалеттер коюлууда.

Ал ортодо абактагы Садыр Жапаров өз жактоочуларына кайрылып, митингге чыкпоого үндөгөн болчу.

Айрым ЖМКлардын жазышынча учурда аянтка жүздөн ашык киши келди. Андан сырткары окуяны чагылдырууга келген журналисттер дагы бир топ.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда коомдук тартипти бузгандарга карата катуу чара көрүлө турганын эскерткен.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-taraptashtary-choguluuda-ala-too-ayantyna-biotualetter-koyuldu



Добавить комментарий