Эрдоган Стамбулда рекорддук сандагы киши топтоп, митинг өткөрдү

8 май 2023 11:37 1559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда 1,7 миллион катышуучу менен рекорддук сандагы киши менен митинг өткөрдү. Бул тууралуу Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Митинг мурдагы Ататүрк эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан Улуттук паркта өткөн.

Иш-чараны бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы уюштурган.   

"Мага жеткен расмий маалымат боюнча, митингге 1 миллион 700 миңдей адам катышууда. Стамбулдун тургундары шайлоого макул десе, президентти шайлоо маселеси чечилди деп эсептесе болот", - деди Эрдоган митинг учурунда сөз сүйлөп жатып.   
Ошол эле учурда, DW агенттигинин маалыматына караганда, 7-майда Түркиянын Эрзурум шаарында оппозициянын митингине белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салуу болуп, кеминде 9 киши жарадар болгон.    

Жыйында сөз сүйлөгөн Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу оппозиция менен митингдин катышуучуларына таш ыргытылганын, натыйжада партиялардын автобусу жабыркаганын айтты.     

Эрдоган ооруп калгандан бери биринчи жолу телеканалдарга интервью берди Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өтөт.       
Эрдогандын негизги атаандашы оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу болмокчу. Шайлоого Memleket партиясынын лидери Мухаррем Инже менен альянсынын талапкери Ata Синан Оган да катышууда.        

Ссылка: https://barometr.kg/erdogan-stambulda-rekordduk-sandagy-kishi-toptop-miting-tkrd



Добавить комментарий