Полиция өспүрүмдү атып өлтүргөндөн кийин Францияда башаламандык башталды

28 июнь 2023 13:32 1029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парижде полицияга баш ийбеген өспүрүм өлтүргөндөн кийин нааразылык акциялары башталды.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Окуя 27-июнда эртең менен Нантер шаарында болгон. 17 жаштагы өспүрүм милициянын токтотконуна карабай унаасын токтотуудан баш тартып, натыйжада ал атып өлтүрүлгөн.
 
 

Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин социалдык тармактарда полициянын аракеттерине каршы чакырыктар тарай баштаган. 

Түн киргенде Нантердин көчөлөрүндө тополоң башталган. Айрым жарандар тосмолорду жана таштанды челектерин өрттөп, ошондой эле аялдаманы талкалап салышкан.  

Маркумдун үйүнүн жанына да эл чогулган. Мындан тышкары, алар милиция кызматкерлерине таштарды ыргыта башташкан, ага укук коргоо кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ менен жооп беришкен, натыйжада бир адам көзүнөн жаракат алган.   
Шаар жетекчилигинин айтымында, митингчилер үч унааны да өрттөшкөн. Нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге атайын реакциялык бөлүмдөр чакырылган. Бир аз убакыттан кийин башка шаарларда нааразылык акциялары башталган. Ошентип, баш аламандык Сюренге, Асньер-сюр-Сенге, Женневильеге, Ла-Гарин-Коломбага жана Вильневге өткөн.    

Ссылка: https://barometr.kg/policiya-sprmd-atyp-ltrgndn-kijin-franciyada-bashalamandyk-bashtaldy



Добавить комментарий