Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

27 март 2020 16:57 1754 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактарда кызматташууну өркүндөтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова коронавирустун алдын алуу жана аны дарылоо ыкмалары боюнча коңшу мамлекеттер менен тажрыйба алышуу такай болуп жатканын билдирген болчу. Анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кытай мамлекеттери бар. Акматова ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин дарыгерлери менен да онлайн түрүндө байланышып, тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/s-zheenbekov-kazakstan-respublikasynyn-prezidenti-kasym-zhomart-tokaev-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий