Кыргызстан коронавирусту дарылоодо коңшу мамлекеттердин тажрыйбаларын эске алат
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо жана анын алдын алуу иштеринде коңшу жана башка мамлекеттердин тажрыйбаларын эске алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ал Кыргызстан Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай менен дарылоо ыкмаларындагы өзгөчөлүктөр боюнча тажрыйбаларын көңүл тышында калтырбай турганын кошумчалады.
“Кандай өзгөчөлүктөр болду, же болбосо коронавирусту дарылоодо кандай өзгөчөлүктөрдү колдондуңуздар деген суроолор менен биз аларга кайрылып жатабыз. Алардын тажрыйбасын колдонуу боюнча бир жумада бир жолу Россия, Казакстан жана ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен онлайн байлынышка чыгып, дарылоо ыкмалары боюнча тажрыйба алмашылып турабыз”, — деди Акматова.
Ал ошондой эле элчиликтердин жардамы менен япониялык дарыгерлер менен ушул жуманын аягында телекөпүрө уюштурула турганын айтты.
Акматова 26-март, саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарлады.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-koronavirustu-daryloodo-koshu-mamleketterdin-tazhryjbalaryn-eske-alat
Добавить комментарий ×