Олимпиадага катышкан алгачкы спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти

2 август 2024 11:09 1362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын алгачкы катышуучулары кайтып келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 2-август күнү, Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиадасынын катышуучулары Денис Петрашов жана Кубанычбек Айбек уулу Бишкекке кайтып келишти.

Спортчуларды "Манас" 2 Эл аралык аэропортунан күйөрмандары жана мамлекеттик кызматкерлер тосуп алышты. 

Эске салсак, аталган спортчулар Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан.

Денис Петрашов 100 жана 200 м брасс ыкмасы боюнча сүзгөн.

Дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу 66 кг чейинки салмакта жана 90 кг чейинки салмакта Эрлан Шеров өлкө намысын коргогон.

Ссылка: https://barometr.kg/olimpiadaga-katyshkan-algachky-sportchular-kyrgyzstanga-kajtyp-kelishti



Добавить комментарий