Жеңиш күтөлү. 8-августта Олимпиадада дагы үч спортчу Кыргызстандын намысын коргойт

8 август 2024 10:28 1050 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимп оюндарында Кыргызстандын намысын 3 спортчу коргойт. 

Белгилей кетсек, Амантур Исмаилов 67 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттешинин (биринчи раунд) өткөрөт.

Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде биринчи кармашка чыгат. 

9-августка караган түнү бокс боюнча мелдештер башталат. Анда ата мекендик мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт. 

8-августка жүгүртмө

15:00 грек-рим күрөшү

67 кг чейинки салмак 

Коло үчүн көңүл жубатуучу беттеш (биринчи раунд)

Амантур Исмаилов - Мате Немеш (Сербия) 

15:30 эркин күрөш

57 кг чейин, 1/8 финал

Бекзат Алмаз уулу - Мейрамбек Картбай (Казакстан)

01:30 бокс 

57 кг чейин, жарым финал

Мунарбек Сейитбек уулу - Хавьер Ибаньес Диаз (Болгария)

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-olimpiadada-dagy-ch-sportchu-kyrgyzstandyn-namysyn-korgojt



Добавить комментарий