Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Казакстанда мелдешке катышууда

12 март 2024 18:17 941 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы Казакстанда Эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу спорт департаментинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой,  грек-рим күрөш боюнча жаштар (U-20)  курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан Казакстандын эмгек сиңирген баатыры Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдешке катышууда.

11-март күнү башталган мелдеш 14-мартта жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

-  55 кг Өмүр Ынтымак уулу, Барсбек Асанкожоев, Нурболот Бердикулов, Нурдөөлөт Абасов;

-  60 кг Нуристан Сүйөркулов, Кубаныч Аринов, Рустам Сыдыков, Саид Туратбек уулу, Бекжан Эсенбеков;

-  63 кг Сабит Шамединов, Эмирлан Дүйшөналиев, Бакай Рыскелди уулу;

-  67 кг Баяман Каримов, Жантөрө Мирзалиев, Мухамед Кошбаев, Амирбек Аскарбеков;

-  72 кг Кутман Темирбеков, Ырыскелди Хамзаев, Адилет Абыкеев;

-  77 кг Эрлан Марс уулу, Нурел Дүйшөналиев, Мирсаид Юнусов, Азирет-Али Осмонаилев;

-  82 кг Муслим Мамыров;

-  87 кг Артыкбек Алымбек уулу, Бекжан Жумабеков;

-  97 кг Бахрам Курбанов, Нурболот Сыргабай уулу, Өмүрбек Уланбеков Алишер Өскөнбаев;

-  130 кг Рустам Садыков, Таласбек Бообеков.

Курама команда машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-alyp-kelishsin-grek-rim-krsh-boyuncha-kurama-komanda-kazakstanda-meldeshke-katyshuuda



Добавить комментарий