"Гансиден" Боронов кеткенден кийин медкаражаттар кайда кетти? (Видео)

16 июль 2020 12:42 2271 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ганси" обсервациясынан премьер-министр кеткенден кийин, андагы көрсөтүлгөн медицина каражаттарын алып кетишти делген тасма боюнча Жолдошбаев түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Премьер - министр жана ММКлар кеткенден кийин бардык жүктөр кайра унаага салынып "Ганси" обсервациясынан чыгып кетишти", -  деп билдирген тасманын автору. Видео тасма "Короче" телеграм каналына жүктөлгөн.

 ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу башкармалыгынын башчысы подполковник Рыспек Жолдошбаев түшүндүрмө берди.. 

"Бул билдирүү чындыкка дал келбейт,  куткаруучулар кампадагы медициналык каражаттарды жандандыруу бөлүмүнө орнотуп беришкен. Азыркы убакытта бардык күч-аракеттер ар бир адамдын өмүрү менен күрөшүүгө багытталган, оор кырдаалда  мындай каралоо адамгерчиликке жатпайт. Кудайдан корксоңор боло!, "- деп билдирди Жолдошбаев.

ӨКМ өз кезегинде социалдык тармактарда жалган маалымат таркаткан жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү тууралуу эскертет.


Ссылка: https://barometr.kg/ryspek-zholdoshbaev-bul-bildir-chyndykka-dal-kelbejt



Добавить комментарий