"Гансиден" Боронов кеткенден кийин медкаражаттар кайда кетти? (Видео)
"Ганси" обсервациясынан премьер-министр кеткенден кийин, андагы көрсөтүлгөн медицина каражаттарын алып кетишти делген тасма боюнча Жолдошбаев түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Премьер - министр жана ММКлар кеткенден кийин бардык жүктөр кайра унаага салынып "Ганси" обсервациясынан чыгып кетишти", - деп билдирген тасманын автору. Видео тасма "Короче" телеграм каналына жүктөлгөн.
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу башкармалыгынын башчысы подполковник Рыспек Жолдошбаев түшүндүрмө берди..
"Бул билдирүү чындыкка дал келбейт, куткаруучулар кампадагы медициналык каражаттарды жандандыруу бөлүмүнө орнотуп беришкен. Азыркы убакытта бардык күч-аракеттер ар бир адамдын өмүрү менен күрөшүүгө багытталган, оор кырдаалда мындай каралоо адамгерчиликке жатпайт. Кудайдан корксоңор боло!, "- деп билдирди Жолдошбаев.
ӨКМ өз кезегинде социалдык тармактарда жалган маалымат таркаткан жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү тууралуу эскертет.
Ссылка: https://barometr.kg/ryspek-zholdoshbaev-bul-bildir-chyndykka-dal-kelbejt
Добавить комментарий ×