Казакстандыктарга Илон Масктын интернетин колдонууга тыюу салынды

17 ноябрь 2023 13:22 1195 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда Илон Масктын Starlink интернетин жеке максаттарда колдонуу мыйзамсыз. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин Телекоммуникациялар комитетинин байланыш тармагын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Диас Төлөгөнов Tengrinews.kz. сайтына билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Министрликте өткөн брифингде журналисттер казакстандыктардын Starlink интернетин колдонуу маселесин көтөрүштү. Бул мыйзамсыз экени белгилүү болду.

«Бул маселе боюнча айта кетейин, мындай адамдар (үйлөрүнө Starlink орноткондор – болжол менен) бар. Тиешелүү органдар аныктоо жана тактоо боюнча да иш алып барууда. Анткени, азыркы учурда бул интернет коопсуздук талаптарына жооп бербейт», - деди Диас Төлөгөнов.

Ал кошумчалагандай, пилоттук долбоор боюнча техникалык иштер аягына чыгып, мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилмейинче, «бул мыйзамсыз болот».

Ошентип, казакстандыктар Starlink компаниясынан интернетти колдонгону жана тараткандыгы үчүн айыпка жыгылышы мүмкүн.

"Сатып алган күндө да, өзгөртүү киргизгенден кийин, ал аны колдоно алат. Өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин, биринчи жолу жеке жактарга - эскертүү, андан кийин - болжол менен 34 500 теңге айып пул салынат”, - дейт Төлөгөнов.

Эске сала кетсек, Казакстан айылдарды интернет менен камсыз кылуу үчүн Илон Масктын SpaceX космос компаниясына кайрылууга аргасыз болгон. Баасы бир жерге (точкага) айына 200 долларды түзөт. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyktarga-ilon-masktyn-internetin-koldonuuga-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий