Жумуш учурунда ичип отурганда, аялы келип жаңжал салган киши кесиптештери менен кызматтан алынды

20 ноябрь 2023 16:10 1157 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жумуш ордунда ичимдик ичип отурган жеринен, аялы келип, ызы-чуу салып видеого тартып алган эркек киши, кесиптештери менен бирге жумуштан алынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн жумуштан бошотулган. 

Белгилүү болгондой, ишкананын төмөнкү кызматтарда иштеген кызматкерлери иштен бошотулду:

- инженер-энергетик;

- пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы;

- башкы бухгалтер;

- диспетчер.

Буга чейин, социалдык түйүндөрдө кызматкерлердин биринин аялы иш ордунда ичип отургандарга жаңжал салган видео тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/ish-ordunda-oturup-ichip-zhatkanda-ayaly-kelip-zhazhal-salgan-kishi-kesipteshteri-menen-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий