Ошто “хайп” жаратып, күйөөсүн коркутуу үчүн наристеге сыра ичирген аял кармалды

20 февраль 2024 15:47 1993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто күйөөсүнө өчөшүп, кичинекей баласына сыра ичирем деп түз эфирге чыгып, коркуткан аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн 20-февралда "Тик-Ток" социалдык түйүнү аркылуу өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн келин кармалды.  

“Ал Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. Ош шаарына 17-февраль күнү тааныштарынын үйүнө келген. Ал өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган мамилесин "хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем" деп түшүндүрдү. 

Ал милиция органдары мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады. Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган кыздын кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди”, -деп жазылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-hajp-zharatuu-zhana-kjsn-korkutuu-maksatynda-kyzyna-syra-ichirem-dep-korkutkan-ayal-karmaldy



Добавить комментарий