Кытай дарыгерлерге Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирусту дарылоонун мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт
Бүгүн Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.
Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.
Ссылка: https://barometr.kg/respublikaga-kytajdan-medicinalyk-kyzmatkerler-keldi
Добавить комментарий ×