Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлердин тобу келди

20 апреля 2020 12:08 1208 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга бүгүн, 20-апрелде, Кытайдан дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Эске салсак, Кыргызстанга буга чейин Польша мамлекетинен дагы дарыгерлер келишкен. Алар жергиликтүү дарыгерлерге дарылоо иштеринде жардам берет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kytajdan-darygerlerdin-tobu-keldi



Добавить комментарий