Психологдун мамилелерди жакшыртууга керек болгон 10 тактикасы

27 сентябрь 2021 17:00 4906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдын жан дүйнөсүн ачык китептей окуган кесип ээлеринин бири бул-психологдор. Бүгүн barometr.kg алардын өз кесибине колдонгон жана байкоо салып отуруп далилдеген бир нече ыкмаларын сиздерге сунуштайт. Ал ыкмалар жашоодо, коммуникацияда жана түгөйлөрдүн өз ара мамилелеринде керек болот.

1.Аял көп учурда күйөөсүнөн атасы бере албай калган мамилени, жылуулукту күтөт.

2. Акылдуу эркектер аялын ханыша кылгысы келет, ал эми аялдар дайыма даяр ханзаданы күтө беришет.

3. Эркектер ийгиликке жетем десе аялдарга таандык болгон эки сапатты өзүндө өнүктүрүшү керек. Алар: интуиция жана айлана-чөйрөдөгү адамдар менен тез тил табыша билүү.

4. Аялдар-бул сезим. Ал эми сезимди ынандыруунун кажети жок. Болгону сезимди тынчтандыруу гана керек!

5. Адамдар алган нерсени эмес, берген нерсени көбүрөөк баалайт.

6. Адамдар өздөрү куруп алган дүйнөдө жашайт. Анын дүйнөсүнүн фантазиясын, жомогун, ишенимин, көз карашын жана жөн гана болбогон ишке ашпаган, ал тургай жалган сөздөрүн да кабыл алып койсоңуз сиздин жаныңыздан эч качан кеткиси келбей калат.

7.Сүйүүнү эмес акчаны тандап алган аялдардын көбү бала чагында атасынан көңүлү калгандар болот. Чоңойгон кезде да атасынын сүйүүсүнө ишенбегендиктен акчаны тандап алышат.

8. Бирөөлөргө жакшы аңчылык кылыш үчүн өзүңүз дагы “таттуу жем” болуп берген тактиканы өздөштүрүшүңүз керек болот.

9.Сүйүүдөгү эң башкы критерий бул ишеним. Эгерде адамдын ийгиликке жетерине ишенсеңиз, ал адамды сүйөсүз.Эгерде ишенбесеңиз анда аны жөн гана аяп жаткан болосуз.

10. Жаңы деңгээге көтөрүлөм десеңиз, мурдагы кайсы гана тажрыйбага болбосун ыраазчылык бериңиз!

Ссылка: https://barometr.kg/psihologdun-mamilelerdi-zhakshyrtuuga-kerek-bolgon-10-taktikasy



Добавить комментарий