Оюңузду биротоло өзгөртө турган 5 өзгөчө көз караш

25 сентября 2021 12:17 2262 Barometr
Поделиться в:
ok

Атактуу адабиятчы жана драматург Бернард Шоунун эмне үчүн адамдар көп учурда бай жана бактылуу боло албай жатышкан тууралуу айткандары бар. Сизде кандайча адабиятчы бизнес-темага тиешеси бар деген суроо пайда болушу мүмкүн.Бирок атактуу жазуучу бул тармакка келгенге чейин кыймылсыз мүлк сатуудан чоң ийгиликке жетип, өзүнүн экономикалык мектебин негиздеген. Анын максаты акча, байлык эмес, атак-даңктуу болуу эле. Албетте ал ага жеткен. Бүгүн barometr.kg Бернард Шоунун акылман ойлорун бөлүшөт.

1. Дүйнө иштебей туруп эле акчалуу болгусу келген бекерпоздор менен байыбай эле иштей берүүгө даяр турган акылсыздардан турат

Акча бул-адамдын биринчи талаптарын: тамак-ашын, кийимин, билимин жабдууга кете турган киреше гана эмес, бул толук кандуу эс алууга мүмкүндүк, узак мөөнөттүү долбоорлорго карата салым болушу керек.

2. Жакшы көргөн адамдар үчүн өзүңүздү курмандык чала берсең, анын соңу жакшы көргөн адамды жек көрүү менен аяктайт. 

Жакындарым үчүн мен өнүгүүгө өсүүгө, көп аракет жумшоого даярмын. Бирок өзүм үчүн дагы көп нерседен баш тарта албайм.

3. Бакыт издеп таппай жүргөндөр мурдуна көз айнегин илип алып аны кайда деп издеген чоң энеге окшош. Бакыт ар дайым сиздин мурдуңуздун алдында эле болот, болгону сиз аны көрбөйсүз.

Байлык менен ийгиликке жетүүгө адамдарда баардык зарыл болгон нерселер болот. Бирок башкалардын кеңештерин уга берип чачылып кетпеңиз, эң мыкты чечимдер ар дайым өзүңүздө гана болот.

4.Жашоо өзүңүздү табуудан турбайт, жашоо өзүңүздү кайра түзүп чыгуудан турат.  

Жердеги 95 пайыз адамдар башка бирөөлөрдүн принциптери менен жашайт, өз ишин баштабайт, алар тандап албаган адамдар менен сүйлөшөт.

5 Эң негизгиси жан дүйнөнү иреттөө керек. Үч “байбыз” эрежесин карманабыз. Ал деген сөз “наалыйбайбыз”, “күнөөлөбөйбүз”, “актанбайбыз”.

Наалый берүү негатив алып келет, күнөөлүүнү издөө өнүктүрбөйт, өзүңүз бир ишти жасап алып кайра актана берүүнүн пайдасы жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/oyuuzdu-birotolo-zgrt-turgan-5-zgch-kz-karash



Добавить комментарий