Оштун Черёмушка көчөсүндө чыккан өрт 6 турак үйдү күл кылды
Ош шаарынын Черёмушка кичи районунда чыккан өрттөн 6 турак үй толугу менен күйүп кетти.
Бул тууралуу кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ 8-август күнү саат 17:16да Черемушка кичи районунун Бобур көчөсүнүн №16 турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен көчөнүн №14, №18 жана Моминов көчөсүнүн №207/2, №211, №209 барак тибиндеги турак үйлөрүнө жалын өтүп, 6 турак үй толугу менен күйүп кеткен. Аны өчүрүү ишине Ош шаарындагы өрт өчүрүү кызматынан жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, шаардык газ ишканасынан 1 бригада жана ИИМден 10 кызматкер тартылган. Алардын жардамы менен өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.
Үйсүз калгандар Ош шаардык башкармалыгы тарабынан 4 чатыр (2 даана 10 орунду, 2 даана 30 орунду) орнотулуп электр энергиясы менен камсыз кылынды.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-cheryomushka-kchsnd-chykkan-rt-6-turak-jd-kl-kyldy
Добавить комментарий ×