Ошто бирөөнүн мүлкүн тартып алууга шектелип мурда көп жолу соттолгон жарандар кармалды

31 май 2023 12:06 479 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто коркутуп, бирөөнүн менчигин өзүнө каттатып алууга жана документтерди жасалмалоого  шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, милицияга апрель айында 36 жаштагы жаран физикалык күч колдонуу менен коркутуп, мүлкүн тартып алган чала тааныш адамдарга карата чара көрүү суранычы менен кайрылган. 

“2022-жылдын жай айларында Жалал-Абад облусунун аймагында өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атаган айрым адамдар жабырлануучуга келишкен. Алардын максаты жабырлануучунун менчигиндеги кыймылсыз мүлктү тартып алуу болгон.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери  жүргүзө башташкан.

Опузалап  талап кылууга шектелгендердин өздүгү аныкталып, алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1981-жылы туулган М.У. менен 1978-жылы туулган Ж.А. болуп чыккан. Кошумчалай кетсек, бул адамдар жасалма документтерди жасоогода шектелүүдө.

Кармоо иш-чарасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде атайын операциялар отрядынын катышуусунда жүргүзүлдү.

Учурда кармалган адамдарга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-opuzalap-birnn-mlkn-tartyp-aluuga-araket-kylganga-shektelip-murda-bir-neche-zholu-sottolgon-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий