Оштун Черёмушка көчөсүндө чыккан өрт 6 турак үйдү күл кылды

9 августа 2019 11:35 1839 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарынын Черёмушка кичи районунда чыккан өрттөн 6 турак үй толугу менен күйүп кетти.

Бул тууралуу кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ 8-август күнү саат 17:16да Черемушка кичи районунун Бобур көчөсүнүн №16 турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен көчөнүн №14, №18 жана Моминов көчөсүнүн №207/2, №211, №209 барак тибиндеги турак үйлөрүнө жалын өтүп, 6 турак үй толугу менен күйүп кеткен. Аны өчүрүү ишине Ош шаарындагы өрт өчүрүү кызматынан жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, шаардык газ ишканасынан 1 бригада жана  ИИМден 10 кызматкер тартылган. Алардын жардамы менен өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.

Үйсүз калгандар Ош шаардык башкармалыгы тарабынан 4 чатыр (2 даана 10 орунду, 2 даана 30 орунду) орнотулуп электр энергиясы менен камсыз кылынды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-cheryomushka-kchsnd-chykkan-rt-6-turak-jd-kl-kyldy



Добавить комментарий