Ош шаарынын күнүнө карата борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт
5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Ош шаардык мэриянын басма сѳз катчысы кабарлады.
Алгач майрамдык программаны саат10:00 - “Гүл фестивалы” жарманкеси ачат. “Изюм” эс жайы, 10:45 те -“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу кароо-сынагы. “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде болот. Борбордук аянтта саат11:00дө - “Боорсок фестивалы” саат11:15 - Салбуурун элдик оюну коштойт. Ошондой эле, саат 11:30да - “Күз берекеси” аттуу айыл-чарба жарманкеси Ош айыл-чарба техникумунда улантылат.
Премьер-министрдин катышуусунда саат 16:00 Кулатовдогу аллеянын ачылышы болот
Ал эми кечкисин саат 18:30да - А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт. Концертке кыргыз эстрадасынын жылдыздары , Өзбекистандын белгилүү ырчылары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат. Кирүү акысыз.
Добавить комментарий ×