Ош шаарынын күнүнө карата борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт

4 октябрь 2019 17:34 925 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Ош шаардык мэриянын басма сѳз катчысы кабарлады. 

Алгач майрамдык программаны  саат10:00 - “Гүл фестивалы” жарманкеси  ачат. “Изюм” эс жайы, 10:45 те -“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу кароо-сынагы. “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде болот. Борбордук аянтта  саат11:00дө - “Боорсок фестивалы” саат11:15 - Салбуурун элдик оюну коштойт. Ошондой эле, саат 11:30да - “Күз берекеси” аттуу айыл-чарба жарманкеси Ош айыл-чарба техникумунда улантылат.

Премьер-министрдин катышуусунда  саат 16:00 Кулатовдогу аллеянын ачылышы болот

Ал эми кечкисин саат 18:30да - А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программада гала концерт өтөт. Концертке кыргыз эстрадасынын жылдыздары , Өзбекистандын белгилүү ырчылары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат. Кирүү акысыз.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-3019-zhyldygyn-belgild-zbekstan-belgil-yrchylary-zhana-trk-tild-chygarmachyl-toptor-menen-kyrgyz-estarada-yrchylary-koncerttik-programma-tartuulashat



Добавить комментарий