Оптимисттин жашоо эрежелери

24 октябрь 2022 09:15 2716 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сиздин чыныңыздын жарымы бошпу же жарымына чейин толтурабы? Төмөнкүдөй эрежелер менен жашасаңыз анда жашоодо оптимист экениңиз анык.Бүгүн barometr.kg оптимист адамдар карманган жашоо эрежери менен тааныштырмакчы.

1. Жашоодо ар дайым оптимист адамдар менен жүрөсүз. “Досуңду көрсөт, мен сага ким экениңди айтап” деп коюшкан сыңары биз дайыма өзүбүзгө окшош адамдарды дос кылабыз. Ар дайым күлүп жүргөн, маанайы жайдары адамдар сизди курчап турса демек оптимист адамсыз.

2. Маселелер болсо өзүңүздү таштап салбайсыз.Чечилбеген эч маселе жок деп эсептейсиз.

3.  Бүгүнкү күн менен жашайсыз.Өткөн өттү, эртеңки күн келе элек деп аракет кылган адам болсоңуз анда чыныгы оптимисттердин катарындасыз.

4. Өткөндү эстеп кайгырбайсыз, капаланбайсыз, болору болду алдыга кеттик деп билек түрө иш кыласыз.

5. Наалыбайсыз. Адам эмнени ойлоп, эмнени сүйлөсө ал дал ошондой адам. Сиз мунун жакшы билесиз жана негатив ойлорго жетеленбейсиз.

Ссылка: https://barometr.kg/optimisttin-zhashoo-erezheleri



Добавить комментарий