Эркектерге жакпай турган аялзатындагы сапаттар

18 октября 2021 15:56 7506 Barometr
Поделиться в:
ok

Аялзатынын айрым мүнөздөрү менен жүрүм-турумундагы кээ бир адаттарды эркектер жактыра беришпейт. Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен бул тууралуу билип алууну сиздерге сунуштайт.

Эркектерге төмөнкү адаттар жакпайт:  

Дайыма жолдошуна ишенбей же болбосо кызганып көзөмөл кыла берген аялдар жана кыздар эркектерди чарчатып жана ачуулантат. Кайда жүргөнүн тактап телефон чала берүү эркектерди ишинен алаксытышы мүмкүн.    

Эгерде жигиттин сүйлөшкөн кызы же жубайы керели кечке эле социалдык тармактарда отурса жана айланасынын баарын сүрөткө тартып жүктөй берсе, жаңы бышрган тамагын ооз тие электе эле соцтармакка сүрөтүн тартып бөлүшсө эркектер мунун баарынан тез эле чарчап кетет. Анткени жеке жашоосуна мейкиндик калбай калды деп эсептейт.

Эркектер өтө эле күчтүү эркек мүнөз аялдарды дагы жактырбайт. Мындай айымдар көп учурда эркек менен теңтайлашып, атаандашып чыга келишет. Ошондуктан мындай айымдарга “мамин сын” болгон эркектер гана жагып, калган эркектерди чүнчүтүп жиберет.

Тарбиясыз, сөгүнгөн кыздар, аялдар дагы дагы эркектерге жакпайт.

Зыяндуу адаттары бар мисалы, ичимдикти жакшы көргөн, чылым чеккен айымдарды дагы жактыра беришпейт.

Ашыкча эле камкор боло бере турган аялдарды дагы эркек жактырбайт. Мындай айымдар мыкты кожойке, мыкты бала багуучу болуп, кир жууп, үй жыйнап эле турмуш-тиричиликке баш-оту менен кирип кетпестен күйөөсүнө дагы ашкере камкор болуп кетет. Албетте айрым эркектерге муну такыр баалабайт.

Өзүн карабаган аялдар. Сырткы келбетин карабаган аялдар дагы эркектерге жакпайт. Эркектердин басымдуу бөлүгү визуалдар тактап айтканда-көзү менен баалоочулар.

Өтө эле алсыз боло берген аялдар. Эркексиз эч нерсе кыла албайчудай болуп алсыз болгон аялдарды дагы мырзалар көп жактыра беришпейт.

Анын тескерисинче болгон каныша-аял же тактап айтканда бой көтөрө берген аял дагы жакпайт.

Ошондо эркектерге деги ким жагат?

Албетте мээримдүү, жагымдуу, өзүн тың караган жана өзү менен өзү шайма-шай болгон аялдар эркектерди өзүнө тартып турат жана анын жанында эркек да өзүн бактылуу сезет.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekterge-zhakpaj-turgan-ayalzatyndagy-sapattar



Добавить комментарий