«НЖ курулуш» компаниясы кыргызстандыктардын 3,4 млн рублдик айлыгын төлөбөй койгон

10 август 2021 09:52 1316 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада иш алып барган «НЖ курулуш» компаниясы 49 кыргызстандыктын айлык акысын төлөбөй койгон. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен маалымдашканын “Барометр” билдирет.

Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери 5-августта жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.

Алдын ала сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктарга 3 млн 412 миң 420 рублдик айлык маянасы төлөнүп берилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nzh-kurulush-kompaniyasy-kyrgyzstandyktardyn-34-mln-rubldik-ajlygyn-tlbj-kojgon



Добавить комментарий