Акыйкатчы: 1000ден ашуун кыргыз жарандары чет өлкөнүн абактарында кармалып турат

14 апрель 2023 16:43 819 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыйкатчы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованын дарегине 2022-жылы Россия Федерациясынан, Казакстандан, Түркиядан, Өзбекстан Республикасынан, Ирактан, Тажикстан Республикасынан, Кипрден, Беларуссиядан, Украинадан, Кытай Эл Республикасынан, Түштүк Кореядан жазуу түрүндө чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандан жарандарынын укуктарынын бузулушуна жана ар кандай маселеде көмөк көрсөтүүгө байланыштуу 162 кайрылуу келген. Бул тууралуу 2022-жыл үчүн Акыйкатчынын жылдык баяндамасында айтылат. 

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарынан болгон.

Акыйкатчы институту өлкөлөр ортосундагы аралыкты эске алып, мигранттар менен ыкчам ыраатта иштешет, көп учурларда Кыргызстандан сырткары жүргөн жарандар Акыйкатчыга социалдык тармактар жана whatsapp аркылуу кайрылышат. 

Арыздардын көпчүлүгү (40тан ашууну) кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган, соттолгон же барган мамлекеттерде жазасын өтөп жаткандардын укуктарына байланыштуу, аз бөлүгү эмгек мигранттарынын социалдык-экономикалык, жарандык жана саясий укуктарына байланыштуу. 

Эркиндигинен ажыратылган жана чектөө жайларында жүргөн мигранттар

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын 1000ден ашуун жараны Россия Федерациясынын аймагында жасаган кылмыштары үчүн абакта камакта же ар кандай укук бузуулары үчүн убактылуу кармоочу жайларда кармалып турушат

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет өлкө мамлекеттеринин пенитенциардык мекемелеринде Кыргызстандын 1410 жараны (Россия – 1077; Казакстан – 89; Түркия – 30) жазасын өтөп жатышат.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын түзөтүү мекемелеринде негизинен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, экономикалык кылмыштар, аткезчилик, киши өлтүрүү, ден соолугуна атайылап оор зыян келтирүү, тоноо, каракчылык, уурулук жана башка кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүн өтөшүүдө.

Мындан сырткары, Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылы "жүк-200" маселеси боюнча каза болгон 308 жарандын сөөгү мекенине жеткирилген. Айрым учурларда, Россиядан мигранттар бул маселе боюнча Акыйкатчыга да кайрылышат, бул учурда Акыйкатчынын аталган өлкөдө коомдук негизде жардам берип жүргөн кеңешчилер аркылуу иш жүргүзүлөт.

Акыйкатчыга кайрылуулар

Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча баардык чараларды кабыл алды. Ошондой эле өлкө чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандын жарандарына укуктук көмөк берилди.

 

Негизинен Кыргызстандын жарандары төмөнкүдөй маселелер менен кайрылышкан:

Кыргызстандын жараны  Россияда жүргөн мезгилинде өндүрүштүк жаракат алып, анын натыйжасында жарым-жартылай эмгекке жараксыз деп таанылган жана аталган өлкөдөн жөлөк пул алып келген. Бирок, белгисиз себептерден улам, 2022-жылы жөлөк пулдарды төлөө токтотулган, анын тиешелүү органдарга кайрылууларынын баары натыйжа берген эмес. Акыйкатчы институтунун көмөктөшүүсүнүн натыйжасында кайра эсептөө жүргүзүлүп, арыз ээсине жөлөк пул толук көлөмдө төлөнө баштады.

Кыргызстандын жарандарынын туугандары Тажикстан Республикасында соттолгон С. А. жана С. Н.ны өз мекенинде жаза өтөө үчүн которууга көмөк көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Акыйкатчы институтунун, КР УКМК, Башкы прокуратуранын, КР ТИМдин аракеттеринин жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынын тажик тарап менен өткөрүлгөн жолугушууларынын натыйжасында соттолгондор Кыргызстанга жаза өтөө үчүн которулган.

Россияда соттолгон Н.А. туугандары аны өз мекенинде жаза өтөө үчүн которууга көмөк көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Акыйкатчы институтунун жана Башкы прокуратуранын иш-аракеттеринин натыйжасында соттолгон адам Кыргыз Республикасына которулган.

Казак Республикасында камакка алынган КРнын жараны Б.Т.нын туугандары аны бошотууга жана мекенине экстрадициялоого жардам берүү үчүн арыз менен кайрылган. Азыркы учурда Б.Т. камагынан бошотулуп, мекенине кайтып келди.

Казакстанда камакта кармалган КРнын жараны Ө.С.нын туугандары аны бошотууга жардам берүү үчүн арыз менен кайрылышкан. Акыйкатчы институтунун көмөктөшүүсүнүн натыйжасында сот эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза чыгарып, сот залынан бошотулуп, мекенине кайтып келген.

Казакстан Республикасында камакка алынган КРнын жараны Т.Т.нын туугандары анын укуктарын коргоо боюнча арыз менен кайрылган. Акыйкатчы институтунун жерине баруусу жана кийлигишүүсүү менен, ошондой эле Акыйкатчынын жардамынын натыйжасында Казакстанда сот эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза дайындап, сот залынан бошотулуп, мекенине кайтып келген. 

А.У. өз арызында М. уулу Н. аттуу жаран РФда эмгектенип жүрүп, укук коргоо органдары тарабынан оор кылмышка шектүү катары (жашы жетелектерге карата сексуалдык аракеттер) кармалганын, соттун чечими менен үч жылга кесилип кеткенин билдирген. Бул арыз боюнча КРнын Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте иш жүргүзүлгөн. 

2022-жылдын сентябрь айында КРнын жарандары РФнын жана Грузиянын чек арасын жүк ташуучу автотранспорт менен өтө албай турушканы тууралуу маалымат ЖМКларда жарыяланган.

Акыйкатчы журналисттер аркылуу тоскоолдуктарга учураган Кыргызстандын жүк ташуучу жарандары менен байланышка чыгып, эки жума бою алар акча жана жылуу буюмдарсыз чек арада турганын, ал эми Россиянын аймагынан өтүүдө чет элдик автотранспорт каражаттарынын кармоо себеби импорттук бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу камсыздыгынын жоктугу болгону аныкталган. Акыйкатчы институту КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары менен жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кыргыз жарандары чек арадан өткөрүлүп, ошондой эле камсыздандыруу компаниясы тарабынан алардын бардык чыгымдарынын орду толтурулду.

Кыргызстан менен Россиянын Акыйкатчыларынын деңгээлинде кабыл алынган чаралар

Россиянын Федеративдик деңгээлдеги Адам укуктары боюнча атайын өкүлү (Омбудсмен) Н. Т. Москалькова, аталган өлкөнүн Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т. Мерзлякова менен КРнын Акыйкатчысы кошумча макулдашууга: КР Акыйкатчысынын РФ коомдук негизде иштешкен кеңешчилерин – РФда ыктыярчылар катары таануу менен РФ ишине көмөктөшүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Адам укугун коргоодо кызматташуу боюнча меморандумдар Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү (Омбудсмени) Феруза Эшматова, Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) Чеслав Панько менен да кабыл алынды.

Акыйкатчы 2023-жылы январь айында Россиянын Москва шаарынын Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т. Потяева менен жолугуп, КРнын укугу бузулган же чектелген жарандарынын арыздарын чечүүнү талкуулап, биргелешип иштөө боюнча макулдашууга жетишкен. Жакынкы мезгилде адам укугун коргоодо кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу мерчемделди.

Мындан сырткары, Акыйкатчы 2022-жылдын 9-декабрында Россия Федерациясында расмий каттоодон өткөн кыргыздардын “Кыргыз диаспора кеңеши” уюмунун жетекчиси К. Осмонбеков менен кызматташуу меморандумуна кол коюшкан, анын алкагында Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоого биргелешип көмөктөшүү, Акыйкатчынын РФдагы өкүлдөрүн дайындоо, кыргыз жарандарына укуктук жана башка тармактарда агартуу иштерин жүргүзүү макулдашылды.

Бул кызматташуунун алкагында, Акыйкатчы 2023-жылы 30-январда Москва шаарында өткөн Кыргыз диаспорасынын бүткүл Россиялык форумуна катышты. Аталган өлкөнүн аймактарында иштеген кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен 31-январда жолугушуу болуп, негизги көйгөйлөр талкууланып, жарандардан арыздар алынган.

Диаспоралар менен кызматташтык

Россияда расмий иштеген дагы эки диаспора менен да кызматташууну бекитүү, РФнын аймактарынан Кыргызстандын жарандары менен жолугушуулар, онлайн-кабыл алуулар 2023-жылга пландалды.

Россия Федерациясынын Омбудсменинин чакыруусу менен Акыйкатчы 2022-жылы ноябрь айында иш сапары менен Москва шаарына барган, учурдан пайдаланып Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайдын (ЦВСИГ) ишмердүүлүгү менен таанышып, ал жерде убактылуу камалган КРнын айым жарандары менен маектешүү өткөрүп, укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөн.

Акыйкатчы бир жылдык ишинин алкагында, өз Аппаратынын ишмердүүлүгүн оптималаштыруунун жыйынтыгы менен 10 бош кызмат ордун Россияда расмий өкүлчүлүк ачууга даярдады. Бош кызмат орундарына Россия Федерациясында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгекке орноштуруу пландалууда. 

Азыркы учурда, Жогорку Кеңеш чечим кабыл алса, анын алкагында Акыйкатчынын башка мамлекеттерде өкүлчүлүк ачуу мүмкүнчүлүгү каралат.   

Ссылка: https://barometr.kg/akyjkatchy-orusiyada-sottolgon-kyrgyzstandyktar-sogushka-ajdalyp-ketebiz-dep-kooptonushuuda



Добавить комментарий