Москвада мекендештерин уурдап, опузалап акча алып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

18 январь 2023 10:01 642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда мекендештерин уурдап, опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, жакында Москвадан адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген  Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ  куралсыздандырылган.

“11-январда болжол менен саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 000 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан.

Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар: «Аза большой» каймана аттуу Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган Ж.А. (ал эле Э.А.), Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган О.уулу Э., Лейлек районунун тургуну 1988-жылы туулган С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. болушат.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда. Жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат, анткени, мекендештерге жасалган бул кол салуу бир гана окуя эмес.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mekendeshterin-uurdap-opuzalap-akcha-alyp-zhrgn-kylmyshtuu-top-karmaldy



Добавить комментарий