Москвада эмгек мигранттарын эмдөө башталды

2 июля 2021 10:09 1137 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада 28-июндан тартып мигранттарды эмдөө пилоттук режимде башталды. Бул тууралуу журналисттерге шаардын мэри Сергей Собянин билдирди.

Чет элдик жумушчуларды жумуш берүүчүлөрдүн билдирмелеринин негизинде баш калаанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин токтомунун талаптарына ылайык эмдешет.

Москванын бийлиги эмгек мигранттарына көбүрөөк жеткиликтүү эмдөө жүргүзүүгө аракет кылат.

Алгачкы баскычта процедуралар "Спутник Лайт" дарысы менен ишке ашырылат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-emgek-migranttaryn-emd-bashtaldy



Добавить комментарий