Нарында күчү 3 балга жеткен жер титирөө болду

28 май 2021 12:02 2871 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунда, кечээ, 27-майда күчү 3 баллга жеткен титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын  Сейсмология институтунун берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.   

Маалыматка ылайык, 27-май күнү саат 22:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

“Жер титирөө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында-3 балл, Чоң-Дөбө, Лама  айылдарында-2,5 балл, Куйручук айылында-2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-kch-3-balga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий