Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

22 май 2025 09:51 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21 майда саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин чектешкен аймагында очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра, Сан-Таш айылдарында 3 баллга (Каркыра айылынан 7 чакырым түндүккө, Каракол шаарынан 65 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:26да өлкө аймагында очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Жалал-Абаддын Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга (Тоскоол айылынан 8 чакырым түндүк батышка, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым чыгышка) чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-eki-zholu-zher-titiredi



Добавить комментарий