Нарында күчү 3 балга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Нарын облусунда, кечээ, 27-майда күчү 3 баллга жеткен титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтунун берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-май күнү саат 22:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
“Жер титирөө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында-3 балл, Чоң-Дөбө, Лама айылдарында-2,5 балл, Куйручук айылында-2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-kch-3-balga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×