Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

4 март 2024 14:01 1018 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагында кайрадан күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-март күнү саат 12:22де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

“Жер титирөө Бишкек шаарында 3,5 баллга (Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат бериле”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagynda-kch-6-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий