Мырзалар үчүн жашоонун 15 алтын эрежеси

9 ноябрь 2022 08:02 3720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жашоодо мырзаларга тиешелүү бекем сакталып келе жаткан мыйзамдар бар. Аларды сактаган эркек коомдо кадыр-баркка ээ болуп, социалдык жактан ордун таап жана материалдык жактан  ийгиликтерге жетет деп эсептешет психолог адистер. Бүгүн barometr.kg аларды сизге сунуштайт.

1. Аялдар менен балдар эч нерсени ойлонбой жашай берсе болот. Бирок эркектер эч качан андай кылбашы керек. 

2. Өзүн аяп жата берүү эч бир нерсеге сыйбаган көрүнүш 

3. Алсыздарга ар дайым жардам бере билүү керек 

4. Ар бир эркектин кошумча сактаган акчасы болуш керек, ал ага кыйын күн башына түшсө же жумушу болбой калган учурларда көмөк болмокчу. 

5. Эгерде насыя алууну көздөгөн эркек аны кантип төгүп берүүгө 100 пайыз кепилдиги болбосо, таптакыр насыя албаганы жөн. 

6. Аялдын канчалык бактылуу экенин эркекке карап билсе болот.  

7. Эгерде балдар атасынын сөзүн укпаса күнөө балдарда эмес, тарбия бере албай жаткан атада. 

8. Өзүн карабай туруп өзгөлөргө сынтага берүү жана бирөөлөрдү жамандоо чыныгы мырзанын кылар иши эмес. 

9. Эгер эркек жетекчи болсо, ал кол алындагылардын баары үчүн жоопкер.   

10. Эркек жасап жаткан ар бир ишине жана айткан сөзүнө керт башы менен жооп бере билиши керек.  

11. Эч ким сурабаса эле кеңеш бере берген эркекти башкалар сыйлабайт. 

12. Башка бирөөлөрдү коркутуу менен ал урматтоого ээ боло албайт,  өзүнө карата ишеними менен пайдалуу ишти аткарып гана ээ боло алат. 

13. Маселени чече билүү-чыныгы мырзанын эң маанилүү адаты. Акча мененби, акыл мененби, харизма менен чечеби ал өзүнүн иши.  

14. Чыныгы эркек ар дайым келечеги тууралуу ойлонуп иш кылат.  

15. Сүйүктүү аялын ыйлатып коюп жашоого кубана берүүнүн чыныгы эркек үчүн эч бир мааниси жок.  

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalar-chn-zhashoonun-15-altyn-erezhesi



Добавить комментарий