Айланадагы адамдар сизди сыйлабай жатышканынын 12 белгиси

8 сентября 2021 16:44 5753 Barometr
Поделиться в:
ok

Урматтоо, сыйлоо бул-көп тараптуу түшүнүк. Ал адамды башкалар канчалык кабыл алышарын, анын кайсы бир иши үчүн канчалык урматташарын, же болбосо сезимдери менен канчалык эсептешерин  көрсөтүп турган нерсе. Айланадагы адамдар кандай учурда сизди сыйлабай жатканын көрсөтүп турган бир нече жүрүм-турумдар бар. Алар тууралуу бүгүн barometr.kg психологдун айтканына таянуу менен сунушайт.

1. Сиздин сөзүңүздү дайыма бөлүп турушса, бул начар белги. Демек чөйрөңүздөгү мындай адам бул аракети менен сизди сыйлабасын көрсөтүп турат.

2. Сиздин убактыңызды баалашпайт. Жолугушууга кеч келишет, жолугушуп жатканда башка маселелерин чече башташат. Күттүрүп коюп келбейт же болбосо сизге эскертпей туруп кар көчкүдөй үйүңүзгө каптап кирип конок болуп жатып алышат.

3. Сиздин жеке буюмдарыңызды сурабай туруп колдонушат. Анысы аз келгенсип алып кетишет.

4. Бой көтөргөн мамиле кылат жана кемсинткен сөздөрдү көп сүйлөйт.

5. Чечимди сиздин пикириңизди эске албай туруп бир тараптуу эле чыгара беришет.

6. Кайсы бир сиздин тиешеңиз бар иштер, чечимдер тууралуу сиз акыркы учурда гана билесиз.  

7. Адам сиздин көзүңүзчө тышкы келбетин карап да койбойт. Мисалы, ишкер жолугушууларга шортикчен келсе, же үйүнө барсаңыз пижамачан отурса бул дагы сизди сыйлабагандыктын белгиси. 

8. Сизге ырахмат айтпайт, кайсы бир жасап берген ишиңиз үчүн сизге ыраазычылык айтышпайт, сиз милдеттүүдөн бетер кабыл алышат.  

9. Үнүн жөнү жок жерден катуу чыгарып сүйлөйт, жаман маанайын сизден чыгарып алгысы келип кыйкырышы мүмкүн. Бул адамдын сиздин сыйлабашынын эң башкы белгиси.  

10. Убадасына турушпаса, бул үчүн кечирим дагы сурашпаса анда сиздин ал адамга кадырыңыз жок. 

11. Жолугушуу маалында сиздин ачка ток экениңизди сурабай, тамакка чакырбай, алдындагы тамакты чалчалактап жейт. Сагыз чайнайт. Телефонун катуу чыгарып алып сүйлөшөт, сиз жанында экениңизди элес да албайт.

12. Сөздөрүңдү четке кагат. Кайсы бир суроолоруңуз четте калат же укпайт.

Эгерде ушундай адамдар айланаңызда болсо алар менен эмнеге мамиле түзүп жатам деп ойлоңуз.

Ар бир адам сыйга аны түшүнүүгө татыктуу, өзүңдү инсандык жактан өнүктүрүп башкаларды сыйлап жана сиз дагы башкалардын сыйына татыгандай жашоого аракет кылыңыз!


Ссылка: https://barometr.kg/ajlanadagy-adamdar-sizdi-syjlabaj-zhatyshkanynyn-10-belgisi



Добавить комментарий