Индира Жолдубаеванын атасы каза болду

1 март 2021 13:01 2651 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Индира Жолдубаеванын атасы Ырысбай Жолдубаев каза болду. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Ырысбай Жолдубаев кече, 28-февралда каза болгон.

Маркум Ырысбай Жолдубаев ОшМУнун медицина факультетинин кафедра башчысы болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келген.

Ырысбай Жолдубаев 1944-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу  Ак-Жар айылында туулган. 

Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык университетин 1967-жылы бүтүргөн.

1967-жылдан райондук ооруканада башкы врач болуп эмгек жолун баштаган. 

Ал 1991-жылы медицина илимдеринин доктору, 2005-жылы  профессор наамдарын алган.

КРдин саламаттык сактоо министрлигинде 1996-2000-жылдар аралыгында министрдин орун басары болуп иштеген. 

2000-жылдан ОшМУнун медицина факультетинин башчысы болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенген. 

Пульмонология жана иммунология боюнча адис. 60тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу, 6 окуу-усулдук куралы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-bashky-prokuror-indira-zholdubaevanyn-atasy-yrysbaj-zholdubaev-kaza-boldu



Добавить комментарий