Индира Жолдубаеванын атасы каза болду
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Индира Жолдубаеванын атасы Ырысбай Жолдубаев каза болду. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Ырысбай Жолдубаев кече, 28-февралда каза болгон.
Маркум Ырысбай Жолдубаев ОшМУнун медицина факультетинин кафедра башчысы болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келген.
Ырысбай Жолдубаев 1944-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык университетин 1967-жылы бүтүргөн.
1967-жылдан райондук ооруканада башкы врач болуп эмгек жолун баштаган.
Ал 1991-жылы медицина илимдеринин доктору, 2005-жылы профессор наамдарын алган.
КРдин саламаттык сактоо министрлигинде 1996-2000-жылдар аралыгында министрдин орун басары болуп иштеген.
2000-жылдан ОшМУнун медицина факультетинин башчысы болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенген.
Пульмонология жана иммунология боюнча адис. 60тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу, 6 окуу-усулдук куралы бар.
Добавить комментарий ×