Өмүрбек Текебаев: "Жээнбеков мурунку бийликтин жүзүн ачып, үлгү кѳрсѳтүп жатат"
"Ата Мекен" патриясынын лидери Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин журналисттер менен жолугушту.
«Алмазбек Атамбаевге менин жеке нааразычылыктарым болгондур. Ошондой эле, ал Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев экѳѳнүн ортосундагы конфликти кѳпчүлүк, жеке мамилелерден келип чыккан деп баамдашат. Ошондой кѳрүнүшү мүмкүн. Бирок Кудай берди дегендей бул мурунку бийликтин жүзүн ачып, жаңы бийликке үлгү кѳрсѳтүп жатат. Кыргызтандагы тарыхый окуя. Дүйнѳ жүзүнѳ үлгү болуп жатат. Президенттер келет, кеткенден кийин мыйзасыз иш кылса жооп берерин кѳрсѳтүүдѳ", - деген оюн билдирди Текебаев.
Бүгүн, 29 августта, Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарды.
Сотко Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттар өтүнүч келтиришкен. Сот аны канааттандырып, сот залынан бошотту.
Текебаев менен Чотоновду сот имаратынан жанынан үй-бүлөсү, бир туугандары, партиялаштары, тарапташтары күтүп чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-almazbek-atambaevdin-sayasij-tutkun-bolgonun-kaalabajm
Добавить комментарий ×