Текебаев менен Чотонов абактан чыгарылды

29 августа 2019 17:20 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов билдирди.

Анын айтымында, айыпталып жаткан Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттар өтүнүч келтиришкен. Сот аны канааттандырып, сот залынан бошотту.

Текебаев менен Чотоновду сот имаратынан жанынан үй-бүлөсү, бир туугандары, партиялаштары, тарапташтары күтүп чыгышты.   

Азыркы тапта шаардагы Калык Акиев жана Рыскулов көчө кесилишиндени Ата Мекен партиясынын офисинде Текебаев менен Чотоновдун абактан бошотулганына байланыштуу салтанат уюштурулуп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-menen-chotonov-abaktan-chygaryldy



Добавить комментарий