Сот Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандан чыгып кетүүгө уруксат берди

14 февраль 2023 14:32 1302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандан чыгып чет өлкөгө дарыланууга барууга уруксат берди.

Соттун токтомунда айтылгандай, бул дарылануу зарылдыгына байланыштуу. 

13-февралда Жогорку Сот мурдагы президентти "мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүмдү жокко чыгарган. 

Белгилей кетсек, СИЗОдо Атамбаевге пневмония, жүрөк оорусу, гастрит жана башка оорулар диагнозу коюлган.  

Ссылка: https://barometr.kg/sot-almazbek-atambaevge-kyrgyzstandan-chygyp-ketg-uruksat-berdi



Добавить комментарий