Атамбаевдин уулу менен Анжеликанын кайым айтышы. "Алардын мыйзамсыз үйүнүн мага кереги жок"

12 август 2022 15:36 2484 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу үй тууралуу кайым айтыша кетти. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

 Маалымдай кетсек, ырчы Анжелика Кайратова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн ден соолгунунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациалоочу борбор үчүн берүүсүн суранып Садыр Жапаровго кайрылган. Бул билдирүүнүн арты Атамбаевдин балдары менен ырчынын ортосундагы кайым айтышка алып келди.

"Мага Атамбаевдин үйүнүн мага кереги жок. Мыйзамсыз курулган ал имараттын азыр ээси жок. Соттун чечими менен ал имарат мамлекетке өткөн. Ээси жок имаратты мен ажобузга кайрылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реаблитациялоочу борбор кылууга убактылуу берүүнү сурандым.

Сеид Атамбаевдин мени өлгөн жаныбарлардын этин жеген канаттууга салыштырганы өтө туура эмес. Мен ага капа болгон жокмун. Себеби адамдын оозунан чыккан сөз анын ички дүйнөсүн, тарбиясын көрсөтүп турат", -деп жазды ырчы Анжелика.

Ал эми, мурдагы президенттин уулу Сейид Атамбаев "Анжелика бизге кайрылбай Садыр Жапаровго кайрылганы туура эмес" деп сыпаттап өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

" Албетте бийлик сизден баш тартпайт, урматтуу Анжелика! Анткени жакшы жазылган сценарий! Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков жана анын "бандасынын" мыйзамсыз аракеттери жөнүндө, адегенде үйдүн кожойкесинен же үй-бүлөсүнөн сурап, адамча сүйлөшүш керек болчу, анткени Алмазбек Шаршеновичтин да балдары, неберелери бар! Мен түшүнүп турам, бирок бардык нерсенин чеги болот! Мен сизди адам катары да, ырчы катары да абдан баалачумун. Бирок бүгүн "калпелешка" экениңе ынандым, башка сөз жок! Сиздин деле байлыгыңыз жетиштүү, кедей эмессиз. Балким өзүңүздөн баштайт чыгарсыз, маселен хан сарайыңыздан! Кыргыздарда "Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт" деген жакшы сөз бар. Аман эле болуңуз!", - деп жазган Сеид Атамбаев.



Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-uulu-menen-anzhelikanyn-kajym-ajtyshy-alardyn-myjzamsyz-kurulgan-jnn-maga-keregi-zhok



Добавить комментарий