Атамбаевге Россиянын президентине караштуу борбордук клиникадан дарыланууга чакыруу келди

8 август 2022 17:58 1844 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге Россия дарыланууга чакыруу жолдоду. Бул тууралуу Атамтаевдин жактоочусу соцтармактагы баракчасына жарыялаган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Жактоочу Замир Жоошевдин маалыматына караганда, Атамбаевди Россиянын президенти Владимир Путиндин администрациясынын борбордук клиникалык ооруканасы  дарыланууга чакыруу жолдогон.

"Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатканына байланыштуу Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын борбордук клиникалык ооруканасы дарыланууга жана зарыл болгон операцияны жасоого чакырып жатат.

Буга чейин, Алмазбек Атамбаев ушул ооруканадан дарыланып, текшерүүдөн өтүп турчу", -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан көз карандысыз өлкө болгондуктан, мамлекеттин ички саясий маселелерине кийлигишүүгө эч бир өлкөнүн укугу жок.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-atambaevge-orusiyanyn-prezidentine-karashtuu-borborduk-klinikadan-darylanuuga-chakyruu-keldi



Добавить комментарий