Москвада коронавирус эпидемиясынын коркунучунан улам катуу даярдыктар көрүлүүдө
Москванын мэриясы коронавирус эпидемиясынын коркунучунан улам катуу даярдыктарды көрүп жатат. Тийиштүү буйрукка мэр Сергей Собянин кол койгон.
Калаа башчысы Кытайдан, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан, Испаниядан, Германиядан жана Франциядан келген жарандарды өз эрки менен эки жумалык карантинге кирүүнү талап кылды.
Ал эми вирус тездик менен жайылып жаткан мамлекеттен келген жарандар Россияга кайтып келгенин милдеттүү түрдө кабарлашы керек. Бирок Собянин вирустун жайылып кетүү коркунучу жогору болгону менен Москвада абал тынч экенин айтат. Андан сырткары массалык иш-чараларга тыюу салуунун кажети жок экенин белгиледи.
Мэр өз буйругу менен Кытайдын Ухань шаарында тез салынган ооруканадай жайды №1 жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын базасында салууну тапшырды.
Эгер коронавирус Москвага чейин жете турган болсо калаа бийлиги анын алдын алуу үчүн бир нече вариантты иштеп чыккан. Алардын арасында коомдук транспортторду токтотуу, шаарга кирип чыккандарды чектөө, комменданттык саат киргизип, көчөлөрдү күзөтүү бар.
Кыргызстан дагы бул оорунун алдын алып, анын өлкө ичинде жайылып кетишине өкмөт бир катар аракеттерди көрүп жатат. Бирок айрым жерлерде мүчүлүштүктөр бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты.
Анын айтымында, “Манас” аэропортуна коюлган тепловизорлор жетишсиз жана ал жакта иштегенге шарт түзүлгөн эмес.
Өкмөт Кыргызстанда коронавируска кабылган же катталган учур жок экенин билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-koronavirus-epidemiyasynyn-korkunuchunan-ulam-katuu-dayardyktar-krld
Добавить комментарий ×