Москвадан мекендештерин уурдап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

6 июнь 2023 09:38 638 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада мекендештерин опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө Москвадан опузалап талап кылуу жана өз мекендештерин уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ боюнча маалымат келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп баштаган.

“23-майда Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын 37 жаштагы жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетишип, акча талап кылып жатканын билдирген. Кыргызстандын жараны 1998-жылы туулган А. уулу Н. туугандарынан жана тааныштарынан 150000 рубль которууну суранган. Ошол эле учурда анын кайда жүргөнү белгисиз болгон.

Бул факты ички иштер органдарында укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.

Жаран А. уулу Н. жүргөн жерин, андан сырткары адамды уурдоого жана опузалап талап кылууга тиешеси барларды аныктоо максатында Россиянын ИИМдин тиешелүү бөлүктөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.  Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен эркине каршы мыйзамсыз камап турушкан жогорудагы уурдалган жаран А. уулу Н. табылган. Бул кылмыш ишине шектүү катары адамды уурдоо,  опузалап талап кылуу жана карыздарды өндүрүү менен алектенип келишкен алты  адам кармалган.  Бардык кармалгандар Кыргызстандын  жарандары болушат, алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары: 1996-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган Т. уулу А., 1997-жылы туулган М. уулу Э., 2000-жылы туулган Ы. Б., 1999-жылы туулган Ж. Р., 2001-жылы туулган Б. уулу А..

Ошондой эле, бул батирден кылмышкерлер өз эркине каршы камап турушкан Кыргыз Республикасынын жараны 2000-жылы туулган Н.Д. да табылган. Кылмышкерлер андан 300000 рубль талап кылышкан. Аныкталгандай, экөөнү тең сабашып, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан.

Бул факты боюнча Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү (Эркинен мыйзамсыз ажыратуу) 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) жана 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 10-майында кол салгандар ошол эле батирге Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган  Ж.А.  күч менен алып келишкен.  Аны коркутушуп,  1 000 000 рубль өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча  Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуларга жактоочулар берилип, тергөө амалдарына котормочулар да тартылууда. Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.  Учурда тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен  КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун Кыргыз Республикасынан орун басары А.Алиев тарабынан биздин өлкөнүн жарандарынын  укукка каршы  аракеттерин алдын алуу жана келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо максатында алдын алуу иштерди жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалымата.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadan-mekendeshterin-uurdap-akcha-talap-kylgan-kylmyshtuu-top-karmaldy



Добавить комментарий