Депутат Кореядан учуп келген беш студент текшерилбей эле Бишкекте жүргөнүн айтып кейиди
Жогорку Кеңештин депутаты Марлан Маматалиев аэропортко коронавирустан улам коюлган жабдуулар өлкөгө кирип жаткан бардык жаранды бирдей текшербей, айрым жабдууларда мүчүлүштүктөр чыгып жатканына күбө болгонун парламенттин жыйынында айтты.
Депутат өкмөт коронавирустун жайылышын алдын алууга аракеттерди көргөнү менен айрым учурларда калпыстыктар кетип жатканын токтолду. Ал жакында эле чет жактан Бишкекке учуп келип, каралган шарттарды өз көзү менен көргөнүн айтты.
“Өз көзүм менен көргөн нерсени айтпай койбосом болбойт. Сырттан учуп келип, түзүлгөн бардык процедуралардан өттүм. Бирок ошол жерде иштеп жаткандарга шарт түзүлбөптүр. Процедурадан өтүп жатканда ошол жерде эки тепловизор турду, бирок биз өтүп жатканда ошонун бирөөсүнүн кубаттагычы өчүп калды. Аны кубаттаганы бир кызматкер кетти. Ошол жердеги топтошкон эл кандай кетип баратса ошондой эле өтүп жатты. Бирден токтотуп алып, ар бирин текшерген киши жок”, — деди депутат.
Маматалиев андан сырткары тепловизорду дарыгерлер колго кармап тургандыктан колдору талып, улам түшүрүп, кайра көтөрүп турганын айтып, башка мамлекеттердегидей атайын штатифке коюп койсо болорун белгиледи.
“Текшерүү учурунда бизде адам фактору болуп жатат, андыктан күмөн санайсың. Мисалы мен күмөн санап калдым”, — деди ал.
Депутат андан сырткары Кыргызстанга кайсы мамлекеттен келип жаткандар тыкыр суралбай жатканын билдирди.
“Мага кат түрүндө жазышты. Мына жакында 15 студент Алматы аркылуу Кореядан келишкен экен. Ошонун сегизи Кореядан келдик деп айтыптыр, аларды карантинге киргизишиптир. Бешөө Алматыдан келдик деп эле оозеки айтып коюптур. Бешөө шаарга кирип кетиптир. Ушул нерселерди дагы карап койбойлубу бул маанилүү нерсе болуп жатпайбы”, — деди депутат.
Добавить комментарий ×