Министрлик: эпидемиологиялык абал турукташпаса өзгөчө абал узартылышы мүмкүн

6 май 2020 10:34 1957 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгер Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташпаса буга чейин киргизилген чектөөлөр менен шарттап узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Үсөнбаев ошондой эле, элди санитардык-карантиндик режимди так сактоого чакырып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал алына электигин кошумчалады.

Министрдин орун басары шаардыктарды этият болуп, гигиеналык нормаларды так сактоого чакырды.

Үсөнбаев коронавирус оюнчук эмес экенин, ал тез жугуу жөндөмүнө ээ экенин эске салды.

Эске салсак, 5-6-майда коронавирус жуккан жаңы учурлардын саны 20дан ашты.

Ошентип республика боюнча коронавирус жуккандардын саны 871ге жетти. Ошол эле учурда оорудан 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 12 киши оорудан каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-epidemiologiyalyk-abal-turuktashpasa-zgch-abal-uzartylyshy-mmkn



Добавить комментарий