Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандардын саны 871ге жетти
Поделиться в:
6-майга карата республика боюнча коронавирус илдетинин жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган:
Бишкек ш. – 16
Чуй облусу - 2
Жалал-Абад облусу - 6
Баткен облусу - 4.
Ошентип республика боюнча коронавирус жуккандардын саны 871ге жетти. Ошол эле учурда оорудан 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ал эми өлкө боюнча коронавирустан 12 киши каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandardyn-sany-871ge-zhetti
Добавить комментарий ×