Милиция WhatsAppтагы “банктын” алдамчыларынан сак болууну эскертти

16 сентябрь 2021 09:57 2676 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдамчылар WhatsApp аркылуу тиркеме жөнөтүшүүдө жана ал аркылуу алдамчылыкты ишке ашыруулары мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Милиция берген маалыматка таянсак, алдамчылар пайдалуу шарттарда башка банктар жана микрокредиттик компаниялар аркылуу көп суммада насыя беребиз деп “кепилдик” беришет

“Ошол эле маалда сиздин насыя картаңыздын номерин же персоналдык маалыматыңызды сурайт”,-деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Милиция жергиликтүү белгисиз номерден жазган жана чет элдик номерлер менен жазган абоненттерге ишенбөө керектигин эскертти.

“Мындай тиркемелердеги алдамчылар сиздин даректи, аты-жөнүңүздү дагы так билиши мүмкүн. Ошондой эле алар жасалма сайт жасап алышат”,- деп эскертишти милициядан.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-whatsapptagy-banktyn-aldamchylarynan-sak-boluunu-eskertti



Добавить комментарий