Алдамчылыкка шектелип Талас шаардык кеңешинин экс-депутаты кармалды
Талас шаардык кеңешинин издөөдө жүргөн экс-депутаты Самидин Жоробеков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Буга чейин УКМК ага Кылмыш кодексинин алдамчылык беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
“Мурдагы депутат Самидин Жоробеков 2017-жылы алдамчылык жол менен чет элдик инветорлордон материалдык мүлк жана акчалай түрдө 7 миллион сомдон ашык каражат алган.Ага Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-депутатка карата баш коргоо чарасын кабыл алды, ал 18-октябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/aldamchylykka-shektelip-talas-shaardyk-keeshinin-eks-deputaty-karmaldy
Добавить комментарий ×