Арасында кыз да бар. Бишкекте таксистке кол салып, тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды

4 апрель 2023 15:47 710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте таксистти тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кылмыш 29-мартта Восток-5 кичи районунда болгон. 

“Саат 01:20 чамасында үч жүргүнчү такси чакырып акыркы даректи көрсөтүшкөн. Жолду катар таксистке кардарлар кол салышкан. Алар белгисиз учтуу нерсе менен коркутуп, анын 2 уюлдук телефонун жана 25 000 сомун алып кетишкен.    
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («каракчылык») менен катталган. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ менен Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Ж.М., 1993-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган М.А. кармалды.     
Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.     

Ссылка: https://barometr.kg/arasynda-kyz-da-bar-bishkekte-taksistke-kol-salyp-tonop-ketkenge-shektlr-karmaldy



Добавить комментарий